Кырчын жайлоосу көчмөндөр оюндарына келе турган меймандарды тосууга даяр

16:31, 29 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Кырчын жайлоосу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келе турган меймандарды тосууга даяр. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында маалым болду.

Өкмөт башчыга III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий иш-чараларды өткөрүүгө Кырчын жайлоосунун толук даярдыгы жана мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымдалды.

Учурда жайлоодо этномаданий иш-чараларды өткөрүүгө бардык зарыл объектилер тургузулган, электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлгөн.

Премьер-министр меймандарды тосууга жана боз үй шаарчасын орнотуу менен иш-чараларды өткөрүүгө 2018-жылдын 31-августуна чейин толук даярдыкты камсыздоону тапшырды.