Өзбекстандын президенти Кыргызстанга иш сапары менен келет

12:15, 29 августа 2018, Бишкек - 24.kg

3-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу маалымат жыйында Өзбекстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидов билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, Өзбекстандын башчысы Чолпон-Атада боло турган түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин саммитине катышат.

«Президенттин III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша тургандыгы каралууда», — деди Комил Рашидов.

Көчмөндөр оюндарына Өзбекстандан ири делегация келээри күтүлүп жатат. 60 спортчу спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча ат салышмакчы.