06:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы. Салтанаттуу иш чарага экс-президенттер чакырылды

31-августта борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтө турган эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган салтанатка мурдакы президенттер Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева дагы чакырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Чакыруу келип түшкөнүн КСДП ырастады. Бирок, азырынча Алмазбек Атамбаевдин катышуусу белгисиз.

Белгилей кетсек, жаздан бери мурдакы өлкө башчысы менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы мамиле солгундап, Алмазбек Атамбаев расмий иш-чараларга катышпай келет. Экс-президент Кыргызстан социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Сапар Исаковго, Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго каршы козголгон кылмыш иштерин саясый куугунтук катары баалап, адилеттүү тергөөнү талап кылууда.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы конфронтация 31-августтагы майрамдык салтанатта ачыкка чыккан. Анда Алмазбек Атамбаевдин убактылуу өкмөт мүчөлөрүн сындаган сөзүнө каршылык иретинде Роза Отунбаева аянттан чыгып кеткен.

31-августтагы салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылат.

Ошондой эле иш чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери катышмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар