Сот Сапар Исаковду УКМКнын тергөө абагында 5-октябрга чейин калтырды

11:18, 29 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Кылмыш иштери боюнча соттук коллегия мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусунун арызын карап чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине адвокат Замир Жоошев билдирди.
 
Анын айтымында, сот Сапар Исаковду УКМКнын тергөө абагында 5-октябрга чейин калтырды.
 

«Соттун чечими мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз», — деди Замир Жоошев.

Эске салсак, Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жемкорлук айыбы тагылууда.