Ош облусуна караштуу Араван районунун Кочубаев айылында бастырмадан өрт чыгып, анын кесепетинен 60 чарчы метр чатыры, 2 тонна чөп жана 100 боо пахта сабагы күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктан жабыркагандар жок.
Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыктары катталды.