Бишкекте № 6 троллейбустук каттам иштей баштады

10:05, 29 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте № 6 троллейбустук каттам иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
 
Вице-мэр Геннадий Милицкийдин айтымында, жаңы каттамдагы 11 троллейбус 8-кичи райондон Батыш автобекетине чейин каттайт. 
 

Эске салсак, ушул жылдын август айынын башында Бишкекте №2 троллейбус ишке берилген. Ал «Аламедин-1» кичи районунан Фрунзе атындагы заводго чейин жүргүнчүлөрдү ташууда.