Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова жайкы Азия оюндарында экинчи медалды тагынды. Спортчу 5 миң метр аралыкка чуркоо менен атаандаштарынын ичинен экинчи болуп келди.
Иш-чаранын жүрүшүндө маарага биринчи болуп эфиопиялык спортчу келди. Ал 15 мүнөт 8,09 секунд убакыт короткон. Кийинки болуп кыргызстындык Дарья Маслова 15 мүнөт 30,57 секунд убакытта келди. 3-орунга Бахрейндин атынан чыккан эфиоп кызы 15 мүнөт 36,78 секунддагы көрсөткүч менен татыктуу болду.