Кыргызстанда ВИЧ илдети менен катталган 600дөн ашуун бала бар

09:06, 29 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда ВИЧ илдети менен катталган 600дөн ашуун бала бар.  Бул тууралуу «Позитивдүү жаштар» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган оору менен ооругандардын эң кичинеси 2 жарым жашта,  улуулары 15-16 жаштарда.

Коркунучтуу илдетке кабылган балдардын 500гө жакыны Ош облусунун аймагында. Эске салсак, 2006-2007-жылдары ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан улам наристелерге бул илдет жуккан.