09:06, 29 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда ВИЧ илдети менен катталган 600дөн ашуун бала бар. Бул тууралуу «Позитивдүү жаштар» коомдук фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган оору менен ооругандардын эң кичинеси 2 жарым жашта, улуулары 15-16 жаштарда.
Коркунучтуу илдетке кабылган балдардын 500гө жакыны Ош облусунун аймагында. Эске салсак, 2006-2007-жылдары ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан улам наристелерге бул илдет жуккан.