14:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Көчмөндөр оюндары. 50 ыктыярчы эл аралык басылмалардын журналисттерин коштойт

Чет тилдерди билген 50 ыктыярчы көчмөндөр оюнуна келе турган эл аралык басылмалардын журналисттерин коштоп жүрүшөт. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова ыктыярчылар менен кезигишип, алдыда боло турган иш-чара тууралуу түшүндүрмө берди. 
 

«Алдыда чоң тапшырма күтүп турат. Эл аралык меймандарды жылуу тосуп алып, аларга салттуу меймандостукту, кылымдан келе жаткан көчмөндөр маданиятын таанытышыбыз керек», — деди Айнура Темирбекова.

Ыктыярчылар чет элдик басылмалардын өкүлдөрү менен кандай иш алып бара тургандыгы тууралуу маалыматтар менен жакындан таанышышты. Кошумчалай кетсек, англис, немец тили, түрк, араб жана корей тилдерин мыкты билген ыктыярчылар тандалып алынган. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби