Акыйкатчынын кызмат ордуна талапкер сунушталууда

16:11, 28 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Акыйкатчынын эмгек жамааты парламенттик фракциялардын лидерлерине Урмат Аралбаевди КР Акыйкатчысынын кызмат ордуна талапкер катары сунуштоону суранышты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти. 

Урмат Аралбаевдин талапкерлиги 2018-жылдын август айында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмени) Аппаратынын эмгек жамаатынын жалпы жыйналышында талкууланып, колдоого алынган.

Аралбаев Урмат Сагыналиевич 1981-жылы туулган, улуту кыргыз, юридикалык жогорку билими бар, юридикалык илимдеринин кандидаты, биринчи класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси класстык ченине ээ.

У. Аралбаев өзүнүн ишмердүүлүгүн 2003-жылы Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынында баштап жана жалпысы 15 жыл иштеп, бүгүнкү күндө ошол эле органда эксперттик-укуктук иштер боюнча бөлүмүнө бөлүм башчы болуп иштеп жатат.