11:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынан монеталар жүгүртүүгө чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бүгүнтөн тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынан «Улак тартыш» күмүш жана жез-никелден даярдалган коллекциялык монеталарын, ошондой эле «Кыргыз каганатынын доору» сериясынан «Кыргыз боз үйү» жез-никель коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. 

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Улак тартыш» коллекциялык монетасы улуттук спорттун түрүн жандандыруу жана даңазалоо максатында чыгарылып, 2018-жылы өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна арналган.

Улакты эңип алып чаап бара жаткан атчандын сүрөтү монетанын негизги сюжетин түзөт. Тоонун элесин чагылдырган толкун сызыктар оюндун жүрүшүн чагылдырат. Монетанын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюунунун логотиби түстүү ыкмада түшүрүлүп, монетанын «Улак тартыш» деген аталышы рун жазуулары менен бастырылган. Ал эми монетанын сол жагында улакты эңип алып, чаап бара жаткан атчандын жана башка оюнчулардын элестери берилген. Күмүш монетанын оң жагында анын салмагы (31,10 г) жана сапат белгиси (Ag 925°) көрсөтүлгөн. 10 сом номиналы монетанын төмөн жагында берилген. 

Монетанын арткы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн.

Монетанын арткы бетин тегерете «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/World Nomad Games» жазуусун көрүүгө болот. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы берилген (2018).

«Кыргыз боз үйү» жез-никель коллекциялык монетасы кыргыз элинин кылым карыткан баа жеткис көркөм маданиятын даңазалоо максатында чыгарылууда.

Монетанын алдыңкы бетине чагылдырылган боз үйдүн сүрөтү негизги сюжетти түзөт. Монетанын жогорку бөлүгүндө«Боз үй» жазуусу орун алып, төмөнкүбөлүгүндө монетанын номиналы жана Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги — сом белгиси баш тамга менен асты сызылып баса көрсөтүлгөн, бул улуттук валютанын туруктуулугун тастыктоонун бир белгиси болуп саналат. 

Боз үйдүн сөлөкөтү берилген монетанын арткы бетинин борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө«Улуу кыргыз каганаты» жазуусу орун алган. Монетанын төмөн жагында чыккан жылы (2018) көрсөтүлгөн.

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Ар бир жез-никель монетасы акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңычактарга салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар