Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу бүгүн кайтып келишет

11:33, 28 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу бүгүн «Манас» аэропортуна келишет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстандык ажылар ыйык Мекке шаарынын убактысы боюнча түнкү саат 21:00, ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча түңкү саат 12:00до Сауд Арабиясынын Жидда аэропортунан учуп кетишмекчи. Ар бир каттамда 300 ажы болуп, жалпысы 18 каттам болмокчу», -деп жазылат маалыматта.