13:33, 28 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Билим берүү жана илим министрлиги 2018-2019-окуу жылында мектеп окуучуларынан китептер үчүн ижара акысын алууну акырындык менен ишке ашыра баштайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган министрликтен билдиришти.
«Ижара акысы 5-6-класстар үчүн жаңы китептерге гана 25сомдон алынат. Кийинки жылы 7-9-класстар үчүн жаңы окуу китептерин басып чыгарууну пландап жатабыз», — деп билдиришти ведомстводон.
Маалыматка караганда, жыл сайын окуу китептерин чыгаруу үчүн министрликке 600 миллион сомго жакын каражат керектелет.