Ленинград облусунда Mercedes үлгүсүндөгү маршруттук унаа жол кырсыгына кабылды

16:18, 27 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Орусиянын Ленинград облусунда Mercedes үлгүсүндөгү маршруттук унаа жол кырсыгына кабылды. Ичинде Кыргызстандын жарандары болгон. Бул тууралуу  Life басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, 7 киши жабыркаган, 3 жаран оор жараткат алышкан. 

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, маршруттук унаанын айдоочусу Санкт-Петербургга бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Натыйжада жолдун четине чыгып кеткен», —деп жазылат маалыматта.