Албек Ибраимов 28-октябрга чейин камакта калтырылды

11:17, 27 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Биринчи Май райондук соту мурунку мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карады.

УКМКнын тергөөчүлөрү аны камакта калтыруу мөөнөтүн узартууну өтүнүштү. Сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырды.  Албек Ибраимов 28-октябрга чейин камакта калтырылды. 

Эске салсак, мурунку мэрге карата жемкорлук боюнча айып тагылууда.