17:04
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Ак-Кеменин» жетекчилиги: ЮНИСЕФтин ыктыярчылары мейманканадан ууланышкан жок

«Мүлк» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү «Ак-Кеме» мейманканасында болгон окуя туурасында билдирүү таратты. Буга чейин аталган мейманканада ыктыярчылар массалык түрдө ууланышты деген маалымат жарыяланган.

Билдирүүгө ылайык, 23-августта мейманканада 130 киши болгон. Алардын 43ү ЮНИСЕФтин ыктыярчылары, 42си спортчу жана 45и Индиядан келген туристтер болгон.

Эртең мененки тамактан кийин ЮНИСЕФтин ыктыярчылары мейманканадан чыгып кетишип, саат 16.00дө келишкен. Кечки саат 19.00дө кечки тамак берилген. Меню баардык меймандар үчүн бирдей даярдалган.

«Түнкүсүн ЮНИСЕФтин айрым мүчөлөрүнүн ичи өтө баштаган. 43 кишини жугуштуу оорулар ооруканасына алып кетишкен, алардын экөө ооруканага жаткырылып калгандары кайра кайтып келишкен. Ыктыярчылар «Ак-Кемеден» түшкү тамакты жешкен эмес, алар башка жактан тамактанышкан. Башка меймандарда уулануунун белгилери катталган жок», — деп билдиришти мейманканадан.

Эң көп окулган жаңылыктар