Бактуу-Долоноту айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болушат
10:34, 27 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл районуна караштуу Бактуу-Долоноту айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болушат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган айылда орун алган 2 суу чыгаргыч мамлекеттик менчикке өткөрүлдү. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары аны өз карамагына алып, көзөмөлдөйт.
2004-жылы «Айылдык суу жабдыктары жана санитария» долбоорунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 2 миңден ашуун тургун таза суу менен камсыз болгон. Учурда айылда 5 миңден ашуун жашоочу бар.