Бишкекте 2 миңден ашуун милиция коомдук тартипти көзөмөлдөйт

10:04, 27 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте тартип сакчылары күчөтүлгөн режимде иштеп баштайт. Бул тууралуу ШИИББдан маалымдашты. Билдирүүгө таянсак, 31-август-Эгемендүүлүк күнүнө карата 27-августтан баштап шаарда 2 миңден ашуун милиция коомдук тартипти көзөмөлдөйт.

Эске салсак, кыргызстандыктар августтун аягында 4 күн эс алышат. 31-август -Көз карандысыздыктын күнү салттуу түрдө дем алыш күнү болсо, 3-сентябрь- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына карата дем алыш деп жарыяланды.