09:52, 27 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Катышуучулар 15 чакырым аралыкты сүзүп өтүштү. Биринчилерден болуп Орусиялык Арсений Елисеев келди. Кийинки орунда Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков сүзүп келди. 3-болуп Казакстандык суучул Даулет Курманбаев, төртүнчү орунду кыргызстандык эң жаш катышуучу, 22 жашар Кайрат Талантбеков ээледи.