Аламүдүн районунда изделип жаткан 2 кыз табылды

09:36, 27 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда изделип жаткан 2 кыз табылды. Бул тууралуу кыздардын апасы билдирди.

Маалыматка таянсак, кыздар 4-август күнү чыгып кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан.

«Кыздарды тартип сакчылары табышты. Алардын ден соолуктары жакшы», — деди апасы.

Эске салсак, 4-августтан бери 13 жана 15 жаштагы бир туугандар изделип жаткан.