Кызыл-Кыя шаарында унаа уурдоого шектелген тургундар кармалды

17:53, 24 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында унаа уурдоого шектелген тургундар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган шаардын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 7-августта  Стаханов көчөсүнүнүн үйүнүн алдына токтотуп койгон «Мерседес-Бенц 609» үлсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткендигин айткан.

Кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 40 жана 44 жаштагы 2 тургуну кармалды. Уурдалган унаа кожоюнуна кайтарылды.