16:41, 24 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык спортчусу Төрөкан Багынбай уулу Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште алтын медалдын ээси болду.
салмак ченинде беттешке чыкты. Төрөкан Багынбай уулу финалда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алкирби Талиб менен күч сынашып, жыйынтыгында 2:0 эсеби менен жеңишке жетти.
Эске салсак, спортчу Кыргыздын капчыгына алгачкы алтынды алып келди. Учурда капчыкта жалпы 10 медаль болду.