06:54
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Жайкы Азия оюндары. Кыргызстандык спортчу алгачкы алтын медалды тагынды

Кыргызстандык спортчусу Төрөкан Багынбай уулу Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште алтын медалдын ээси болду.

Ал 69 килограмм салмак ченинде беттешке чыкты. Төрөкан Багынбай уулу финалда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алкирби Талиб менен күч сынашып, жыйынтыгында 2:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Эске салсак, спортчу Кыргыздын капчыгына алгачкы алтынды алып келди. Учурда  капчыкта жалпы 10 медаль болду.

Эң көп окулган жаңылыктар