Сириядагы террорчуларды каржылады деген күнөө менен кыргызстандык соттолду

15:02, 24 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Алыскы чыгыш аймактык аскер соту Кыргызстандын жаранын Сириядагы террорчуларды каржылады деген күнөө менен аны 4 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу орусиялык ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка караганда, соттолуучу «Джебхат ан-Нусры» аттуу тыюу салынган уюмдун мүчөлөрүнө 2017-2018-жылдары акча жөнөтүп турган

Алдын ала алынган билдирүүгө ылайык, шектүү Орусиянын жарандыгын алган.