Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогу башталды

14:21, 24 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогу башталды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке 12 команда катышып, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтагы оюндар 26-августка чейин уланып, жарым финалдык беттештер 28-августта болот. Ал эми мелдештин финалы 30-август күнү өтөт.

Чүчү кулактын жыйынтыгы:

«А» тайпасы: «Арашан», «Толкун», «Сын-Таш»;

«В» тайпасы: «Четинди», «Сокулук», «Шыралжын»;

«С» тайпасы: «Нурлан Көк-Жал», «Төш-Булак», «Сары-Өзөн Рассвет»;

«D» тайпасы: «Бакубат-Талас», «Келечек, «Алыкул».

24-августта орун ала турган беттештер:

«Арашан» — «Толкун»;

«Четинди» — Сокулук»;

«Нурлан Көк-Жал» — «Төш-Булак»,

«Бакубат-Талас» — «Келечек».