Кубанычбек Кулматов 28-сентябрга чейин тергөө абагында калтырылды

13:45, 24 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Биринчи Май райондук соту бүгүн экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап чыкты. УКМКнын тергөөчүсү мурунку аткаминерди камакта калтыруу мөөнөтүн узартууну суранды. Сот Алмаз Калыбаев УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды.

Кубанычбек Кулматов 28-сентябрга чейин тергөө абагында калтырылды.

Эске салсак, мурунку мэрге карата жемкорлук айыбы тагылууда.