16:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 4-сентябрда башталат

6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 4-сентябрда башталат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине парламенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, «Регламент тууралуу» мыйзамга ылайык, депутаттардын жайкы эс алуусу сентябрдын биринчи жумуш күнүндө аяктайт. Бирок, III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 3-сентябрга туш келгендиктен, дүйшөмбү эс алуу күнү деп жарыяланып, иш күнү 4-сентябрда башталмай болду.

Кийинки кезектеги пленардык отурум 5-сентябрь же 12-сентябрда болобу, аны депутаттар добуш берүү аркылуу чечишет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума