Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына Конгантиевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө

11:42, 24 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык кеңешинин «Кыргызстан» фракциясы шаардык кеңештин төрагалыгына Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине көпчүлүк коалициянын лидери Таалайбек Сагынов билдирди.

«Кубанычбек Конгантиев дымагы күчтүү, билимдүү, сабаттуу талапкер. Негизгиси анын иштөөгө каалоосу күч», — деди Таалайбек Сагынов.

Кубанычбек Конгантиев 38 жашта. Ал Каракол шаарынын тургуну.

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин башчысы Алмаз Кененбаев президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Анын ордуна убактылуу депутат Эмил Сыдыков иштеп жатат.