Бакты-Долоноту айылында жайгашкан ат майданда өрт чыкты

11:26, 24 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл районунун Бакты-Долоноту айылында жайгашкан ат майданында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт ат майдандын ичиндеги атканадан чыккан. Анда 700 чарчы метр тезек күйүп кеткен.

Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.