Чүй облусунда бир жуманын ичинде 26 мас айдоочу кармалды

11:11, 24 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда бир жуманын ичинде 26 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-августтан 23-августка чейин жүргүзүлгөн «Рулда», «Мас айдоочу» аталышындагы түнкү рейдде жалпысынан 349 протокол түзүлгөн. Анда мас абалында унаа башкарган 26 айдоочу катталып, айып унаа токтотуучу жайга 100 унаа киргизилди.