Ысык-Көлдө 23 жаштагы жигит сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 1995-жылы туулган Ш.у.К. аттуу бала сууга чөгүп кеткен. ӨКМнын № 31-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, маркумдун жансыз денеси табылды.
Кырсык 23-августта Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында болгон.