21:44
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Акыркы 6 ай аралыгында Кыргызстандын тышкы карызы 272 миллион долларга азайды

Акыркы 6 ай аралыгында Кыргызстандын тышкы карызы 272 миллион долларга азайды. Бул тууралуу каржы министрлигинен билдиришти. Кыргызстан 8 насыя берүүчүлөрдүн карызын кыскарта алды. 

Маалым болгондой, Эл аралык валюта фондуна болгон карыздын 17 миллион доллары кыскартылды. Мындан тышкары, Эл аралык өнүгүү ассоциациясына болгон карыздын 14 миллилн доллары, Азия өнүктүрүү банкына болгон карыздын 12 миллион доллары, KfW немец банкына болгон карыздын 3 миллион доллары, Европа Биримдиги, Кувейт фонду жана Түндүк өнүктүрүү фондуна болгон карыздардын 1 миллион доллары кыскартылды.

1-июлга карата чет элдик насыя берүүчүлөргө карыз 3 миллиард 809 миллион долларды түздү. Тышкы карыздын кыскарышына Орусия кечкен 240 миллион доллар себеп болду. Учурда Кыргызстандын Орусияга карызы жок.

Ошол эле маалда Кыргызстандын 6 насыя берүүчүлөргө карата карызы өстү. Алар Евразия банкы, Эл аралык байланыш Жапон агенттиги, Кытайдын экспорт-инпорт банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду жана Сауд Арабиясы өнүктүрүү фонду.

Эң көп окулган жаңылыктар