21:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жан Фео де ла Кроа: Кыргыз тили экинчи эне тилим болуп калды

Жан Фео де ла Кроаны дүйнөнүн кишиси деп койсо да болот. Ал Германияда төрөлгөн, анда немецтин гана эмес, шотланд жана француздардын каны бар. Жан Фео де ла Кроа көп өлкөлөрдү кыдырып чыккан, алардын ичинен Кыргызстан өзгөчө жакканын айтат. Билими боюнча антрополог. Көптөгөн илимий эмгектердин автору, илимдин доктору. Негизинен Германияда жашап, анда белгилүү университеттин биринде сабак берет. Ал Кыргызстанга мындан 12 жыл мурун келгенин айтат. Ошондон тарта жылына бир канча жолу келип кеткенди адатка айландырып алган. Ал мөңгүлөргө байланыштуу маселелерди, адам баласынын айлана чөйрөгө тийгизген таасирин, ГЭС жана жайлоолорду изилдейт. 

— Кыргызстанда сизди таң калтырган нерсе?

— Бул жакта мага жаккан көп нерсе бар. Мисалы, жалгыздыктын курманы болгон кишилер жок. Балким кары-картаңдар арасында болсо болгондур. Германияда жалгыздык маселеси абдан олуттуу көйгөй.

— Кыргызстан менен сиздин туулуп өскөн мекениңиздин окшоштуктары барбы?

— Тоолору окшош. Жүзүм бактары дагы.

— Сизге бул жакта эмне жетишпейт деп ойлойсуз?

— Менде баары жакшы. Биздин топ абдан ынтымактуу. Өзүмдү чет элдикмин деп такыр сезбейм. Бул жакка келгенден кийин бир жарым жыл ичинде кыргыз тилин өздөштүрдүм. Мен кыргызча сүйлөйм. Бул жергиликтүү элге абдан жагат. Доктордук диссертациямды жазам деп Токтогул районуна жакын жерде жашаганга туура келди. Ал жер менин эң жакшы көргөн жайым. Менин 3 жана 6 жаштагы балдарым бар. Акыркы кездерде аларды өзүм менен кошо ала жүрөм. Балдарым менен бирге талааларда чогуу изилдөө иштерин жүргүзөбүз. 

— Улуттук ашканадан кайсы тамактарды жактырасыз?

—Чучук, кымыз, бал жана жемиштерди жактырам. Ошондой эле корей салаттары жагат.

-Жергиликтүү тургундар менен жакындан таанышкан соң сизди эмнелер таң калтырды? Ошондой эле көңүлүңүзгө жакпаган нерселер болдубу?

— Мигранттар бири-бирин көптөн бери көрбөй жүрүп, кайра жолукканда мурункудай эле жакындан сүйлөшө беришет. Алардын ынтымагы мени таң калтырды. Кыргызстанда бир гана маданият эмес, көп маданияттын очогу бар. Бул өлкөнүн байлыгы! Ал эми айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандыгы зээнди кейитет.

— Кыргызстанда эмнелерди өзгөртөт элеңиз?

— Социалдык теңчиликти ордуна койгонго аракет кылмакмын. Баардыгы салык төлөп, ар бир бала акысыз билим алып жана дарыланууга мүмкүнчүлүк түзмөкмүн. Ошондой эле, жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырмакмын.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума