Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

08:48, 24 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, электр мамычаларына жана чубалгыларына жолтоо болгон бактарды бутап, оңдоо иштерине байланыштуу жарык өчүрүлөт. 

Саат 9:30дан −19:00гө чейин — Көк-Жар конушундагы Ой-Терскен, Санжыра, Куйручук, Достоевский, Чар, Молдокулов, Көк-Жайык, Керемет, Шоокум көчөлөрү;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Жаманбаев көчөсү, Арча-Бешик конушундагы Репин, Кең-Суу, Валдайский, Садырбаев, Сандык-Төр көчөлөрү;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Бакаев, Гагарин, Алтымышев, Табалдиев, Тыналиев, Ахунбаев көчөлөрү, Айтматов кең көчөсү;

Саат 9:30дан −18:00гө чейин — Исанов, Ужгород, Түлөбердиев, Луговой, Берег, Ямбург, Челябинск, Алтай, Каарман көчөлөрү, Красный строитель конушунун Жумушчу көчөсү.