«Бүгүн биз стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол койдук. Бул эки тараптуу мамилелердеги тарыхый окуя болуп калат жана Кыргызстан менен Түркмөнстан достугунун жана кызматташтыгынын тарыхынын жаңы барагын ачат», — деп белгиледи кыргыз президенти.
Ошону менен катар Жээнбеков «бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-түркмөн байланыштары бекемделсе жана бардык чөйрөлөрдө өнүксө деген жалпы маанайды ырасталганын» айтты.
Кыргыз президенти мамлекеттик сапар менен Ашхабадка бүгүн барган. Жыйынтыгында маданий-гуманитардык, билим берүү жана спорттук байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жөнүндө жалпы макулдашууларга кол коюлганы кабарланды.