Анын айтымында, мындай сунуш кыргыз тараптан айтылган.
«Бул алардын өткөрүү мүмкүндүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Ошол эле маалда биз бул чечимди ишке ашыруу — чек ара бекеттердин инфраструктурасын кошумча модернизациялоону талап кыла турганын жакшы түшүнүп турабыз. Чек аранын сапаттуу ишин камсыздоо приоритеттүү маселелердин бири болуп эсептелет», — деди Сагинтаев.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында 4 эл аралык жана 4 эки тараптуу көзөмөл-өткөрмө бекет иштейт. Алар аркылуу күн сайын 30 миңге жакын киши чек арадан өтүп турат.
Өткөрмө бекеттердин эң ириси күн сайын 12 миңге жакын адам жана 500-600 даана транспорт каражаты өткөн «Ак-Жол» бекети эсептелет.
Туристтик мезгилде чек арадан өткөн адамдардын саны бир күндө 70 миңге чейин жетет.