15:16
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы 2 өткөрмө бекеттин макамын өзгөртүүгө даяр

Казакстан өкмөтү Кыргызстан менен чек арадагы «Сартобе» («Токмок») жана «Аухатты» («Кеңбулуң») чек ара бекеттеринин макамын эки тараптуудан көп тараптууга өзгөртүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 17-августта Астанада өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин VII жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай сунуш кыргыз тараптан айтылган.

«Бул алардын өткөрүү мүмкүндүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Ошол эле маалда биз бул чечимди ишке ашыруу — чек ара бекеттердин инфраструктурасын кошумча модернизациялоону талап кыла турганын жакшы түшүнүп турабыз. Чек аранын сапаттуу ишин камсыздоо приоритеттүү маселелердин бири болуп эсептелет», — деди Сагинтаев.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында 4 эл аралык жана 4 эки тараптуу көзөмөл-өткөрмө бекет иштейт. Алар аркылуу күн сайын 30 миңге жакын киши чек арадан өтүп турат.

Өткөрмө бекеттердин эң ириси күн сайын 12 миңге жакын адам жана 500-600 даана транспорт каражаты өткөн «Ак-Жол» бекети эсептелет.

Туристтик мезгилде чек арадан өткөн адамдардын саны бир күндө 70 миңге чейин жетет.

Эң көп окулган жаңылыктар