Коопсуз шаар. Аукцион өтүп жатат

15:21, 23 августа 2018, Бишкек - 24.kg

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн компанияларды аныктоо боюнча аукцион өтүп жатат.

Анда жеңүүчүнү аныктоо үчүн негизги 3 жана кошумча 2 раунд каралган.

Жыйынтыгында система аукционго кимдер катышканын жана алар канча сумма сунуштаганын көрсөтмөкчү. Маалым болгондой, аукцион саат 15.36 да бүтөт. Ал эми акыркы чечимди комиссия чечет.