Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысын кызматтан бошотуп коюшту

11:33, 23 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын басма сөз катчысын жалгыз пикетке чыккандыгы үчүн кызматтан кетиришти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев билдирди. 

Фото

Анын айтымында, басма сөз катчынын мындай кадамга барышына эмне себеп болгону белгисиз. Ал окуя болгон маалда эмгек өргүүсүндө жүргөн.

Расул Артыкбаев Анара Мамбеталиеваны директордун буйругу менен 15-августта кызматтан кеткендигин тастыктады. «Мамлекеттик кызматкерлерди милдетин аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотсо болот. Аларга митинг жана пикетке чыкканга тыюу салынат», -деди ал.

Анара Мамбеталиевадан түшүндүрмө алуу үчүн байланыша алган жокпуз. Ал Facebook баракчасына аталган инспекциянын айрым кызматкерлери жемкорлукка аралашкан деп жазып чыккан.