Араван районунда мечиттен чыккан өрттөн каза болгондордун өздүгү такталды

10:35, 23 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Араван районунда мечиттен чыккан өрттөн каза болгондордун өздүгү такталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кырсыкта 36 жаштагы аял жана 10 жашар бала каза болду. Алардын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, мечитте өрт бүгүн таңкы саат 7:15те чыккан, жарым сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн.