Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Талас дарыясына 40 жаштагы аял агып каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык тууралуу маалымат 22-августта келип түшкөн. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, саат 13.10до келиндин сөөгү табылды.
ӨКМнын куткаруучулары аны ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.