20:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Талас дарыясына 40 жаштагы аял агып каза болду

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Талас дарыясына 40 жаштагы аял агып каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык тууралуу маалымат 22-августта келип түшкөн. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, саат 13.10до келиндин сөөгү табылды.

ӨКМнын куткаруучулары аны ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар