09:44, 23 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Ош облусуна караштуу Араван районунун Гүлбар айылында мечиттен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык болгон жерде 2 кишинин жансыз денеси табылды. Алардын өздүгү такталууда.
Өрт бүгүн таңкы саат 7:15те чыккан, жарым сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн.