Быстроток каналына агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды

09:14, 23 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Быстроток каналына агып кеткен жарандын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 15-августта Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына 24 жаштагы жаран агып кеткен.

Аны издөөгө жалпы 20 куткаруучу тартылган.