USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп кетти

08:35, 23 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп кетти. Бул тууралуу Президенттин аппаратынан билдиришти.

Мамлекеттик сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.

Андан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп барат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18