03:57
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кара-Кулжа району. 12 кишинин ичинен бешөөнүн диагнозу сибирь жарасы деп чыкты

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткан 12 кишинин ичинен бешөөнүн диагнозу сибирь жарасы деп чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, калган бейтаптардан анализ алууга мүмкүндүк болгон эмес. Анткени, алардын денесиндеги жаралар өтө кичинекей болгон.

Учурда 3 бейтап ооруканадан чыгарылды. Калган 9у дарыланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар