06:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Байсуу» кафесинин жайкы аянтчасына бастырма куруу иши мыйзамдуу

«Байсуу» кафесинин жайкы аянтчасына бастырма курууга уруксаатты Бишкек башкы архитектуралык муниципалдык башкармалыгы берген. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кафенин кожоюну Нурсултан Мейкин уулу билдирди.

Тиешелүү документке ылайык, кафени реконструкциялоого уруксаат ушул жылдын 28-апрелинде берилген. Ал 2019-жылга чейин жарактуу.

Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин Чүй-Бишкек башкармалыгы кафени реконструкциялоо боюнча оң баасын берди.

Нурсултан Мейкин уулу түнкү клуб тууралуу маалыматты четке какты. Анын айтымында, кафе 1998-жылдан бери музыканын коштоосунда иш алып барып келет. Башкы архитектуралык муниципалдык башкармалыктан билдиришкендей, бастырманын курулушу мыйзамдуу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума