02:43
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ош облусундагы жол кырсыгында 5 киши жаракат алды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жылкелди айылында болгон жол кырсыгында 5 киши жаракат алды.  Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда,  «Жигули» үлгүсүндөгү унаа менен каршы тилкеде келе жаткан «Дэу Матиз» унаасы сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочулары жана «Дэу Матиздин» жүргүнчүлөрү жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.


Эң көп окулган жаңылыктар