Маалыматтарга караганда, жалпысынан 10 документке кол коюлары күтүлүүдө. Эки өлкө президенттери кеңейтилген жана чакан форматта жолугушат. Жээнбеков менен Бердымухамедов эки тараптуу кызматташтык жана мамилелерди андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанда өтө турган сапары 23-24-августка белгиленүүдө.
Акыркы жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга 2014-жылы барган, ал эми түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга туура үч жыл мурда, 2015-жылдын август айында келип кеткен.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, 2010-2017-жылдары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 73% арбыган. Экспорт 69,4%, импорт 4,5% көбөйгөн.